Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 20-июндан кийин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 20-июндан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

 

Анын айтымында, ЖРТнын жыйынтыгы менен сертификаттар мектептердин жетекчилигине тапшырылат. Эске салсак, Кыргызстанда кечээ кошумча каттоо өттү, ал эми бүгүн тесттин өзү башталат.