Физикалык жактарга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү кийинки жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, өткөн жылга карата отчетторун бере электер кийинки жылы дароо 2019 жана 2020-жылдарга 2 декларация тапшырат.
Ведомстводон белгилешкендей, физикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалитеттик кызматкерлер, ишкерлер, патент менен иштегендер, дыйканчылык чарбалар кирет.