Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кооптуу көлөмдөн жогорулады

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү кооптуу көлөмдөн жогорулады. Эске салсак, буга чейин Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард чегинен төмөндөгөн. Ал эми эң минималдуу көлөм деп 5 миллиард кубометр эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында нымдуулук 9 миллиард 895 миллион кубомерди түзөт. Суунун агып кириши чыгымдан… Кененирээк…

Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы программасы иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн «Университет 4.0» аттуу программасын иштеп чыкты. Программанын максаты – түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор менен экосистеманы түзүү. Ошондой эле мезгил талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу… Кененирээк…

льберт Эйнштейндин өз колу менен жазылган формула 1 миллион доллардан ашыкка сатылды

Физик-теоретик Альберт Эйнштейндин өз колу менен жазылган формула Бостондогу аукциондо 1 миллион доллардан ашыкка сатылды. Жазманын баштапкы баасы 400 миң доллар болду. Массанын жана энергиянын эквиваленттүүлүгүн чагылдырган формула дүйнөдөгү эң белгилүү физикалык формулалардын бири. Эйнштейн өз колу менен жазып кеткен формуланын төрт эле көчүрмөсү бар.… Кененирээк…

Кыргызстандык альпинист Эвересттин жогорку чекитине чыкты

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов “Эверест 1” экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыкты. Бул тууралуу альпинисттин машыктыруучусу Александр Абрамов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. “Эверест 1” командасы эң бийик чокуну багындырды. Азыр ылдыйга түшөбүз. Аба ырайы жаман эмес. Бир аз шамал болуп жатат. Команданын курамында рекорддук көрсөткүчкө жеткен… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Ибраимов, Үсөнбаев, Элебесов, Аул, Новосельский, Шикокий, Жибек Жолу, Чортеков, Киев, Шералиев, Тыныстанов, Садыбакасов көчөлөрүндө, “Арча-Бешик”, “Ак-Ордо”, “Төмөнкү Орок”, “Ак-Босого” конуштарында электрэнергиясы жок болот

Эл аралык «Евровидение» сынагын италиялык Maneskin тобу  жеңип алды

Эл аралык «Евровидение» сынагын италиялык Maneskin тобу  жеңип алды. Италиялык топ 524 упай менен алдыга озуп чыкты. Алардын курамында вокал ырчысы, басист, гиратист жана барабанчы бар. Акыркы ирет Италия бул сынакта мындан 31 жыл мурда жеңишке жеткен. Экинчи жана үчүнчү орундарды Франция жана Швеция алды.… Кененирээк…

Кыргызстанда акимдерди ротациялоо башталды

Кыргызстанда акимдерди ротациялоо башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, түндүктөгү кызматкерлер түштүккө, түштүк жергесиндеги район башчылары түндүккө которулат. Мындай жол райондорду өнүктүрүүгө оң натыйжа берет, — деп белгиледи Марипов. Бүгүнкү күндө өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгы менен 37 аким иш ордун которду.

Кыргызстанда дээрлик 72 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыргызстанда дээрлик 72 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Ал эми экинчи дозаны алгандардын саны 22,5 миңге жетти, — деп билдиришти республикалык штабдан. Маалыматка караганда, эмдөөдөн өткөндөрдүн көбү Бишкекке, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарына туура келет. Белгилеп кетсек, өлкөдө вакцинация кампаниясы кытайлык жана россиялык препарат менен… Кененирээк…