Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо 19-июнга чейин  дайындалышы керек

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо 19-июнга чейин  дайындалышы керек. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.

 

Аталган үч шаарда 11-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы административдик ресурс, добуш сатып алуу маселелеринен улам жокко чыгарылган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президент Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 30 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындашы керек.

 

Датасы такталган соң БШК шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрөт.