Кемин районунда жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу башталды

Кемин районунда жаңы калкты тейлөө борборунун курулушу башталды. Чүй облустук администрациясынан билдиришкендей, аймактын тургундары борбордон паспорт алууга, үй-бүлөнү каттоого документтерди тапшыра алат.

 

Курулуш иштерине каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнөт. Күтүлгөндөй, борбор 31-август, Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат.