Алай жана Чоң-Алай райондорунда жер титиреди

Бүгүн Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Жердин термелиши саат 10:40та катталган.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Алай районунун Сары-Могол, Арча-Булак, Талды-Суу айылдарында — 3,5 балл, Сары-Таш айылында — 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2,5 балл болгон. Андан сырткары, Чоң-Алай районунун Кара-Бак айылында да 3 баллдык чайпалуу сезилген.

 

ӨКМден жердин термелишинен жабыркагандар жана кыйраган объектилер катталбагандыгын билдиришти.