Бишкек жана Чүйдө күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр чубалгыларынын 10 миңден ашык изолятору алмаштырылат

Бишкек жана Чүйдө күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр чубалгыларынын 10 миңден ашык изолятору алмаштырылат. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагынан” билдиришти.

 

Андан такташкандай, мурдагы фарфор обочолоткучтарды айнекке алмаштыруу пландалып жатат.Изоляторлорду алмаштыруу боюнча иштер биринчи кезекте керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга багытталган.