Май айында Кыргызстанда эң көп кой эти жана өсүмдүк майы кымбаттады

Май айында Кыргызстанда эң көп кой эти жана өсүмдүк майы кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Ага ылайык, республика аймагында кой этинин орточо баасы 465 сом 47 тыйынды түздү.

 

Бул апрель айына салыштырмалуу 18 сомго же 4 пайызга көп. Кой эти эң кымбат Исфана жана Жалал-Абадда сатылууда – килограммы 500 сомдон. Ал эми суу майдын баасы  — 167 сом. Апрелде аны кыргызстандыктар 3,5 пайызга арзан алышкан.