Коронавируска карата чектөөлөрдү киргизүүгө азырынча жарылчылык жок

Коронавируска карата чектөөлөрдү киргизүүгө азырынча жарылчылык жок. COVIDге байланыштуу кырдаал көзөмөлдө. Бирок акыркы айда вируска кабылгандар көбөйүп жатат, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, чектөөлөрдү киргизүү экономикага терс таасирин тийгизет. Алдыда туристтик сезон турат, учурда ага даярдыктар көрүлүүдө. Ысык-Колдо стационарлар ачылат.… Кененирээк…

Июнда Кыргызстанга коронавируска каршы 420 миң доза вакцина келет

Июнда Кыргызстанга коронавируска каршы 420 миң доза вакцина келет. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca препараты жеткирилет, — деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Ал белгилегендей, COVAX программасынын тизмесинде кытайлык  «Синофарм» вакцинасы дагы бар. Анын 300 миң дозасы биздигн өлкөгө грант түрүндө берилди. Учурда препараттын 150 миң… Кененирээк…

Сары-Челек коругуна барчу жолдор оңдолууда

Сары-Челек коругуна барчу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Аксы районун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Сары-Челек жолунда туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ДЭУ-12 ишканасы Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу менен биргеликте жолдорду кеңейтип,оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Сары-Челек коругу 1959-жылы уюшулган. Анын… Кененирээк…

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы эл аралык мелдешке катышат. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, улуттук курамада 12 балбан бар. Спортчулар 5-июндан 17сине чейин Грузиянын Бакуриани шаарында машыгат. Андан кийин Түркияга учуп кетет. Мелдеш Стамбулда 17-20-июнь аралыгында өтөт.

1-июлдан тартып көзөмөл-кассалык машиналар жаңы стандарттар боюнча колдонулат

1-июлдан тартып көзөмөл-кассалык машиналар жаңы стандарттар боюнча колдонулат. Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт. Жаңы стандаттар Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында патенттик негизде иштеп жаткан товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү. Жаңы стандарттарга жооп… Кененирээк…

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат салынат

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат салынат. Мэриянын маалыматына ылайык, курулушка капсула салуу аземи өттү. Объекти 3 кабаттуу болот жана анда бардык шарттар түзүлөт. Курулуш иштерине 100 миллион сомдон ашык сарпталат, каражат демөөрчүлөр тарабынан берилет. Жаңы мекемени быйыл декабрга чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстанда ипотеканы баштапкы төлөмсүз берүү паландалууда

Кыргызстанда ипотеканы баштапкы төлөмсүз берүү паландалууда. Андан тышкары, жакынкы аралыкта турак жай насыясынын үстөк пайызы жылдык 4 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Ал эми учурдагы үстөк пайыз 6-8 пайызды түзсө, баштапкы төлөм 10 пайыз. Кошумчаласак, мындан ары ипотекалык насыя бир гана бюджеттик… Кененирээк…

Бишкектин көчөрлөрүнө бекер жеткире турган дагы 6 автобус кое берилди

Бишкектин көчөрлөрүнө бекер жеткире турган дагы 6 автобус кое берилди. Ушуну менен ордо калаада 15 автобус жарандарды акысыз ташып жатат. Алар №214, 211 жана 100-маршруттук таксилердин линиясында каттайт. Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүн Бишкекте кечки саат 11ге чейин 110 автобус жана 141 троллейбус каттамда болот. Белгилеп… Кененирээк…

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору дайындалды

Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов кол койду. Индира Кудайбергенованы ректор кылып дайындоо тууралуу буйрук менен министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыканов тааныштырды. Индира Кудайбергенова 29-майда өткөн ректор шайлоодо утуп чыккан. Ага… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 2-июнь күнү саат 15:29да Ысык-Көл облусунда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 баллга, Светлая Поляна, Оргочор, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Тилекмат, Ырдык айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин жетти.… Кененирээк…