Маршруткалардын линияга чыкпаганына байланыштуу, акимиаттар жарандарды жеткирүү кызматын киргизүүдө

Маршруткалардын линияга чыкпаганына байланыштуу, акимиаттар жарандарды жеткирүү кызматын киргизүүдө.   Мэриянын маалыматына ылайык, биринчи кезекте муниципалдык кызматкерлер улгайган жарандарды жана балдары менен аялдарды үйлөрүнө акысыз жеткирет.   Мындай кызмат көрсөтө турган ондогон унаалар шаар көөлөрүнө чыгууда. Алар белгилүү бир каттам менен жүрүп, маңдайкы айнегине атайын… Кененирээк…

Россияда жай күнүндө кыш келди

Россияда жай күнүндө кыш келди. Региондордо кар жаап жатат. Мындай абал өзгөчө Коми республикасында катталды. Бир нече саатта эле жашыл шибер, гүлдөп жаткан бактар жана гүлдөр кар алдында калды.   Ушундай эле көрүнүш Магаданда дагы болуп жатат. Шаардын көчөлөрүндө кар күрткүлөр пайда болуп, калын кардан… Кененирээк…

Ордо калаанын кайгуул милиция кызматы жарандарга үйлөрүнө жетип алууга жардам берүүдө

Ордо калаанын кайгуул милиция кызматы жарандарга үйлөрүнө жетип алууга жардам берүүдө. Эске салсак, кечээ маршруттук таксилер иш таштап, линияларга чыккан жок.   Аялдамаларда эл жыкжыйма болуп, автобус, троллейбустарда орун жок болуп атты. Андыктан, милиция кызматкерлери улгайган адамдарды жана балдары менен аялдарды үйлөрүнө жеткирип жатты.

Бишкекке июлда газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет

Бишкекке июлда газ менен жүргөн 350 автобус жеткирилет.   Бул боюнча өзбек компаниясы менен меморандумга кол коюлган. Шаар бийлиги бул автобустарды сатып албайт, болгону каттамдарды аутсорингге берет.   Тактап айтканда, шаар каражат коротпойт, болгону транспорттун иштөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берет. Жалпысынан өзбек компаниясы 1 миң… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 5-июнда таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 5-июнда таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, бул күнү эртең мененки саат 8ден кечки 10го чейин Ауэзов, Шабдан Баатыр, Исакеев, Валиханов, Лев Толстой, 7-апрель көчөлөрүндө, Төкөлдөш конушунда суу жок болот.   Шаар тургундарына сууну запастап алуу сунушталат. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте троллейбустар тургундарды түнкү 11ге чейин ташыйт

Бишкекте троллейбустар тургундарды түнкү 11ге чейин ташыйт. Аталган коомдук транспорттун ишин узартуу чечими маршруттук таксилердин каттамга чыкпай койгонуна байланыштуу кабыл алынды.   Маселе чечилмейинче, ордо калаада троллейбустар таңкы саат 5:40тан түнкү 11ге чейин иштейт. Белгилеп кетсек, каттамдарга орточо эсеп менен 140 тролллейбус чыгып атат.

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет

Бишкекте маршруттук таксилерде жол кирени көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов убадалагандай,  тарифтерди өзгөртүү чечимин шаардык кеңеш күздүн биринчи айында карайт.   Ал эми компаниянын өкүлдөрү буга макул болуп, маршруттук таксилердин айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдиришти.… Кененирээк…