Кыргызстанда ипотеканы баштапкы төлөмсүз берүү паландалууда.
Андан тышкары, жакынкы аралыкта турак жай насыясынын үстөк пайызы
жылдык 4 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык
компаниядан билдиришти. Ал эми учурдагы үстөк пайыз 6-8 пайызды түзсө,
баштапкы төлөм 10 пайыз. Кошумчаласак, мындан ары ипотекалык насыя
бир гана бюджеттик жана мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес,
бардык жарандарга жеткиликтүү болот.