Энергетика жана өнөр жай министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Энергетика жана өнөр жай министрлигине жаңы жетекчи дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, кызматка Доскул Бекмурзаев бекитилди. Ал буга чейин Улуттук энергохолдингдин деректорунун орун басары болчу. Буга чейинки министр Кубанычбек Турдубаев ээлеген ордунан бошотулган.

Кечээ кечинде болгон катуу шамалдан Москва районундагы мектептин чатыры учуп кетти

Кечээ кечинде болгон катуу шамалдан Чүй облусунун Москва районундагы мектептин чатыры учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ак-Торпок айылындагы мектептин чатыры толук жулунуп, жараксыз абалга келди. Андан жарат алган адамдар катталган жок, келтирилген зыяндын эсеби такталууда. Белгилеп кетсек, 2012-жылы дагы ушул эле мектептин чатыры шамалдан… Кененирээк…

Кыргызстандагы май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе арзан

Кыргызстандагы май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе арзан. Баалардагы айырмачылык АИ-92 бензининин литрине орто эсеп менен 10 сомду, ал эми жайкы дизелдик отундун литри 16 сомду түзөт, — дешти мунай ташуучулар ассоциациясынан. Кыргызстандагы чекене баалар күйүүчү майдын көлөмү Кыргызстанга импорттолуучу Россиядагы… Кененирээк…