Жалал-Абад облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Бүгүн, 9-июнь күнү саат 02:37де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. Маалыматка караганда, анын күчү Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында 2 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргызстанда доллар дээрлик 85 сомго чейин кымбаттагандан кийин кайрадан арзандап баштады

Кыргызстанда доллар дээрлик 85 сомго чейин кымбаттагандан кийин кайрадан арзандап баштады. Жуманын башынан бери америкалык валюта 20 тыйынга төмөндөдү. Бүгүн ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар 1 долларды 84 сом 20 тыйындан сатып алып, кайра 40 тыйынга кымбат сатышууда. Ал эми Улуттук банк… Кененирээк…

Кумшекер, суу май жана эт импорттогон жарандарды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуу сунушталууда

Министрлер кабинети Кыргызстанга кумшекер, суу май жана эт импорттогон жарандарды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотууну сунуштап жатат. Эгер демилге ишке ашса аталган товарларды алып келген ишкерлерден КНС алынбайт. Салыктык жеңилдиктерди ушул жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин киргизүү пландалууда. Мындай чара калкты азык-түлүк менен жетиштүү деңгээлде камсыздоого… Кененирээк…

Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда

Кыргызстандагы университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында, биринчиси – билим  берет, изилдөө жүргүзөт, инновациялар менен алектенет, кийинкиси – эмгек рыногуна кадрларды даярдайт. Буга чейин министрлик ЖОЖдордогу билим берүү программасын даярдаган. Анын максаты — рыноктун талаптарына жооп берген билим… Кененирээк…

Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун ордо калааларында азык-түлүктүн баасы салыштырылды

Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Беларустун ордо калааларында азык-түлүктүн баасы салыштырылды. Апрель айына карата орточо чекене баалардын мониторингин Улуттук статистика комитети түздү. Жыйынтыгында Бишкекте жууган майдын бир киллограмын шаар тургундары 320 сомго сатып алат. Москвада бул азык 3 эсе кымбат. Ошол эле учурда Кыргызстанда жумуртканын 10… Кененирээк…

Бишкекте катталган катуу шамалдан 3 адам жарат алды

Бишкекте катталган катуу шамалдан 3 адам жарат алды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарандар баш мээсинен жарат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Учурда аладын абалы туруктуу. Андан тышкары, кечээ кечинде болгон шамалдан Эркиндик бульварында, Чүй проспектисинде кулаган бактар эки унаага зыян келтирди. Ошондой эле Киев көчөсүндөгү… Кененирээк…

Быйыл дүйнөлүк экономика мыкты деңгээлде жогорулайт

Быйыл дүйнөлүк экономика мыкты деңгээлде жогорулайт. Глобалдык өсүш 5,6 пайызды түзөт жана бул каржы институту чыгарган болжолдуу сынактан 1,5 пайызга жогору, — деп билдиришти Дүйнөлүк банктан. Жаңы божомолго ылайык, АКШнын экономикасы 7 пайызга, Кытайда 8,5 пайызга чейин болсо, европа өлкөлөрүндө 4 пайызга өсөт. Ал эми… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынан Кыргызстандын дагы эки футболчусу четтетилди

Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынан Кыргызстандын дагы эки футболчусу четтетилди. Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу 11-июнь, ушул жумада өтө турган Мьянма менен беттешке катышпайт, — деп билдиришти кыргыз футбол бирикмесинен. Буга оюнчулар 7-июнда Монголия менен оюнда жана 2019-жылы тажикстандыктар менен беттеште эскертүү… Кененирээк…

Сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү эки эсеге өстү

Кыргызстанда 2020-жылы 2016-жылга салыштырмалуу экспорттун жалпы көлөмү эки эсеге көбөйүп, жалпы суммасы 46 миллион долларды түзүп, дээрлик 35 миң тоннага жеткенин Улуттук статистика комитети билдирди. Учурда мындай негизги сүт азыктары тышкы рынокко сунушталууда: каймак май (сүт базарынын көлөмүнүн 37%), сыр жана быштак (21%), коюлтулган жана… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасына, Анкара шаарына жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой… Кененирээк…