Кыргызстандагы май куюучу жайларда бензиндин баасы дүйнөдөгү орточо баадан эки эсе арзан.
Баалардагы айырмачылык АИ-92 бензининин литрине орто эсеп менен 10 сомду, ал эми жайкы
дизелдик отундун литри 16 сомду түзөт, — дешти мунай ташуучулар ассоциациясынан.
Кыргызстандагы чекене баалар күйүүчү майдын көлөмү Кыргызстанга импорттолуучу
Россиядагы баалардан дагы төмөн. Бул Россиядан күйүүчү-майлоочу майларды
пошлинасыз жеткирүүнүн натыйжасында мүмкүн болду. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө
өлкөдө АИ 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 50 сом 50 тыйындан болсо,
дизелдик отун 46 сомго барабар.