Кечээ кечинде болгон катуу шамалдан Москва районундагы мектептин чатыры учуп кетти

Кечээ кечинде болгон катуу шамалдан Чүй облусунун Москва районундагы

мектептин чатыры учуп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

Ак-Торпок айылындагы мектептин чатыры толук жулунуп, жараксыз абалга келди.

Андан жарат алган адамдар катталган жок, келтирилген зыяндын эсеби такталууда.

Белгилеп кетсек, 2012-жылы дагы ушул эле мектептин чатыры шамалдан учуп кеткен.