Кыргызстан муфтийлигине 9 талапкер ат салышат
Кыргызстан муфтийлигине 9 талапкер ат салышат. Аалымдар кеңешинен билдиришкендей, өзүн көрсөткөндөр 24-июнда сынактан өтөт, ал эми шайлоонун өзү кийинки ишемби, 26-июнга белгиленди. Арыздар февралдан бери кабыл алынууда. Учурда муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткарып жатат.