Кыргызстан муфтийлигине 9 талапкер ат салышат.
Аалымдар кеңешинен билдиришкендей, өзүн көрсөткөндөр
24-июнда сынактан өтөт, ал эми шайлоонун өзү кийинки ишемби,
26-июнга белгиленди. Арыздар февралдан бери кабыл алынууда.
Учурда муфтийдин милдетин Жоробай ажы Шергазыев аткарып жатат.