Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү 11 миллиард кубга жакындады

Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун көлөмү 11 миллиард кубга жакындады.

“Электр станцияларынын” сайтындагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө башкы

резервуарда 10 миллиард 902 миллион куб суу бар. Ал эми былтыр ушул эле күнү

көрсөткүч 2,3 миллиардга жогору болчу. Суунун көтөрүлүшү Нарын дарыясынын

жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эришинен жана жаан-чачындан көз каранды.

Бүгүнкү күндө суунун агып кириши чыгымдан бир аз эле көп. Бул Кыргызстан

1-июндан 1-сентябрга чейин Өзбекстан жана Казакстанга буга чейин

алган электр энергиясын кайтарып бергенине байланыштуу.