Парламентти шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн эмес

Парламентти шайлоонун мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн эмес. Мыйзамда жазылгандай Жогорку Кеңешти шайлоо октябрдын акыркы жекшембисине туура келет. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Эске салсак, кабыл алына элек шайлоо боюнча мыйзам долбоордо көрсөтүлгөндөй Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдан шайланат. Калган 55и партиялык тизме… Кененирээк…

Шанхайда дүйнөдөгү ири астрономиялык музей ачылды

Шанхайда дүйнөдөгү ири астрономиялык музей ачылды. Бул жерде космоско байланышкан 120дан ашык экспонаттын коллекциясы чогулду. Алардын катарында 70ке жакыны ар түрдү метеориттер. Мекеменин архитектурасы дагы өзгөчө – анда бир дагы бурч же түз жер жок. Чатыры тегерек айнектен жасалды. Мунун бары көрүүчүлөргө асман объектилери менен… Кененирээк…

Бүгүн ишемби болгонуна карабай Кыргызстанда иш күнү

Бүгүн ишемби болгонуна карабай Кыргызстанда иш күнү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен эске салышты. Ушул шейшембиде Курман айт болгондуктан дүйшөмбү, 19-июль өлкөдө дем алыш деп жарыяланган. Андан улам 24-июль, ишембиде кыргызстандыктар бош күнүн толукташат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин 1 миллион кыргызстандыкты эмдөө ниетинде

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-сентябрга чейин 1 миллион кыргызстандыкты эмдөө ниетинде. Учурда 318 миң өлкө жараны коронавируска каршы вакцина алды. Анын катарында экинчи дозаны алгандар 104 миң адамга жетти. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, биздин республикада вакцинациянын жүрүү темпи башка өлкөлөргө салыштырмалуу жай өтүп жатат.… Кененирээк…

Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери Түгөлбай-Ата көчөсүн калыбына келтирүү долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9 миң доллар пара алган. Кызматкер 6 миң… Кененирээк…

Быйыл июнда майга караганда коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 2,5 эсе көбөйдү

Быйыл июнда майга караганда коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 2,5 эсе көбөйдү. Улуттук статистика комитети Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип билдиргендей, өткөн айда 22,5 миңден ашык адамдан ковид аныкталды. Алардын эң көбү Бишкекке туура келет — 10 миң 737 адам. Андан кийин эле Чүй облусу турат.… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 5ке чейин Абдымомунов, Үмөталиев, Рыскулов, Шевченко, Мичурин, Тыныстанов көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, «Киргизия», «Ак-Босого», «Арча-Бешик» жана «Көк-Жар» конуштарында электроэнергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр планга ылайык оңдоо иштерине байланыштуу

Эртеңден тартып кыргызстандыктардын Россияга кирүү эрежеси өзгөрөт

25-июлдан тартып Кыргызстан жарандары Россияга кирүү үчүн ПЦР-анализдин жыйынтыгын «COVID жок саякаттайм» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек. Анализ аталган өлкө аймагына киргенче чейин 72 сааттын ичинде тапшырылышы зарыл.  ПЦР-тест тапшыруу үчүн «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемесин App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн көчүрүү керек. Ал тест тапшыра… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун дарыгерлери июнь үчүн компенсация алышты

Жалал-Абад облусунун дарыгерлери ушул жылдын июнь айына компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында маалымдалды. Кенемтенин жалпы суммасы 8 миллион 112 миң сомду түздү. Каражатты жалпысынан 14 саламаттык сактоо уюмунун 578 медициналык кызматкери алды. Кошумчалай кетсек, төлөмдөрдүн көпчүлүгү жалпы медициналык практика борборуна… Кененирээк…