Мурда алынган паранын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери
Түгөлбай-Ата көчөсүн калыбына келтирүү долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн
жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен
9 миң доллар пара алган. Кызматкер 6 миң долларды кайтарып берүү учурунда колго түшүрүлдү.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси
бар башка адамдардын бар жогун аныктоо иштери жүрүүдө.