25-июлдан тартып Кыргызстан жарандары Россияга кирүү үчүн ПЦР-анализдин жыйынтыгын
«COVID жок саякаттайм» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек. Анализ аталган өлкө
аймагына киргенче чейин 72 сааттын ичинде тапшырылышы зарыл. ПЦР-тест
тапшыруу үчүн «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемесин App Store же Google Play
интернет-дүкөнүнөн көчүрүү керек. Ал тест тапшыра турган жакынкы лабораторияны көрсөтүп берет.