Билим берүү министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу идеясынан баш тартты

Билим берүү министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүн колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу идеясынан баш тартты. Ведомство Жогорку кеңеш тарабынан “Билим берүү” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун даярдады. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, пандемия шартында онлайн окуу учурунда орто кесиптик билим берүү мекемелерине ЖРТнын жыйынтыгы менен өткөрүүнү коомчулук… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 568 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 568 адам ковидди жеңип чыкты. Сакайгандардын басымдуусу Бишкекке, Чүй жана Ош облустарына туура келет, — деп билдиришти республикалык штабдан. Ушуну менен өлкөдө коронавирус катталгандан бери 136 миң 700 адам вирустан айыгып чыкты.

Токиодогу оюндар тарыхта жайкы Олимпиадалар арасында эң кымбаты болуп калат

Токиодогу оюндар тарыхта жайкы Олимпиадалар арасында эң кымбаты болуп калат. Япония бийлигинин аудиторлорунун маалыматы боюнча, мелдешке 20 миллиард доллардан ашык каражат сарпталды. Эсептөөлөрдү америкалык The Wall Street Journal басылмасы жарыялады. Бирок, башында аталган сумма болжолдуу түрдө 3 эсе аз болмок. Буга чейин эң кымбат деп… Кененирээк…

Министрлер кабинети өлкөгө алып келинген мобилдик түзүмдөрдүн идентификациялык системасын түзүүнү сунуштап жатат

Министрлер кабинети өлкөгө алып келинген мобилдик түзүмдөрдүн идентификациялык системасын түзүүнү сунуштап жатат. Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдиргендей, мындай система байланыш жабдууларын мыйзамсыз жеткиргендерге жана туура эмес ниеттеги импортерлорго каршы чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, республикага контрафакт жолу менен келген продукция азаят.

Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып вакцинанын 3 түрүн тандаса болот

Кыргызстандыктар бүгүнтөн тартып вакцинанын 3 түрүн тандаса болот. Тагыраагы, эмдөө түйүндөрүндө Спутник-V, Синофарм жана Астразенека препараттары жеткиликтүү, — дешти республикалык штабдан. Андан белгилешкендей, жарандардын вакцинага болгон суроо-талабы өсүүдө. Андан улам, өлкө боюнча эмдөө өнөктүгү олуттуу өтүп жатат.

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза тапкандардын саны 138ге жетти

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза тапкандардын саны 138ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Андан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү. Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы… Кененирээк…

Бишкектин  калкты тейлөө борборлорунда жаңы кызмат көрсөтүлө баштады

Бүгүнтөн тартып Бишкектин  калкты тейлөө борборлорунда жаңы кызмат көрсөтүлө баштайт. Эми ордо калаадагы борборлордон кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргызстан аймагында соттолгондугу бар же жогу тууралуу маалымкатты алса болот, — дешти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен. Документти арыз тапшырылгандан 7 күн өткөндөн кийин Курманжан Датка көчөсү 115 дарегинен алса… Кененирээк…

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев Беш-Күнгөй айылындагы 15 үйдү таза суусуз калтырды

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев Беш-Күнгөй айылынын Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларын таза суусуз калтырды. Тургундардын айтымында, 22-июлдан бери 15 турак жай суусуз калды, бул суу дарбазасынын жанындагы түтүктүн бир бөлүгү кесилип, үйлөргө алып баруучу түтүктөр жабылганына байланыштуу. Жашоочулардын айтымында, мындай иштерди жергиликтүү депутат Адилет Асаналиев… Кененирээк…

Никеде турбагандыгы тууралуу маалымкатты эми өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунан алса болот

2021-жылдын 12-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында никеде турбагандыгы тууралуу маалымкатты эми өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүнүн каалаган бөлүмүнөн алууга болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим жарандардын ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө максатында кабыл… Кененирээк…

Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчөдө соода кылып жүргөн

Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчөдө соода кылып жүргөн. «Популярная механика» басылмасы жарыялагандай, жолдордо мөмө-жемиш саткандардын катарында дарыкана жана көптөгөн жер аянттарынын ээлери, эски баалуу буюмдарды жана унааларды коллекция кылгандар бар. Алар мындай ыкма менен көп жылдар бою салык төлөбөй келишкен. Байлыгын… Кененирээк…