Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза тапкандардын саны 138ге жетти

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп,

каза тапкандардын саны 138ге жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Андан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында

катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу үзгүлтүккө учурады.