Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев Беш-Күнгөй айылындагы 15 үйдү таза суусуз калтырды

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев Беш-Күнгөй айылынын

Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларын таза суусуз калтырды. Тургундардын айтымында,

22-июлдан бери 15 турак жай суусуз калды, бул суу дарбазасынын жанындагы түтүктүн бир бөлүгү кесилип,

үйлөргө алып баруучу түтүктөр жабылганына байланыштуу. Жашоочулардын айтымында,

мындай иштерди жергиликтүү депутат Адилет Асаналиев жасады. Ал, айыл тургундарын

эгер суу түтүктөрүн калыбына келтирүү аракети болсо массалык башаламандык уюштураарын

айтып коркуткан. Беш-Күнгөйлүктөр бийликтен Асаналиевге карата чара көрүүгө жардам сурап,

материалдык зыянды толурууну суранышууда. Депутат жарактан чыгарган суу түтүктөрдү

жашоочулар өздөрү орноткон. Аны өткөрүүгө бешкүнгөйлүктөр жарым миллион сом сарпташкан.

Укук коргоочулар тургундардын даттануусуна чара көрө элек.