Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо 60  видеокөзөмөл камерасы пайда болот

Ош шаарындагы Сулайман-Тоодо 60  видеокөзөмөл камерасы пайда болот. Башкы максат тарыхый жерге келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо, — дешти тарыхый археологиялык музей комплексинин бөлүмүнөн. Камералар Сулайман-Тоонун негизги туристтик жолдоруна жана музейге орнотулат. Жабдууларды орнотууга 700 миң сом багытталат. Сумманы  демөөрчүлөр бөлүп берди

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылгандай, билим берүү объектиси 150 окуучуга чакталат. Бул максатта 53 миллион сом багытталат. Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнүп берилет.

Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанга 9 миң тонна азык-түлүк сатып алынган

Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанга 9 миң тонна азык-түлүк сатып алынган. Белгиленгендей, кыргызстандык мектеп окуучулары жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн сатылып алынган тамак-аштын жалпы наркы 8 миллион долларды түзөт. Эске салсак, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстанга азык-түлүк программаларын колдоо үчүн 96 миллион доллар бөлгөн, анын… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 7,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 7,5 пайызга чейин жогорулатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк экономика пандемиянын кесепетинен кийин калыбына тез келүүдө. Бирок ковиддин жаңы штаммдары чыгышын эске алуу менен аймактык экономиканын өнүгүшүндө белгисиздик сакталууда. Белгилеп кетсек, баштапкы ставканын көтөрүлүшү банк кардарларына түз таасирин тийгизет.… Кененирээк…

Германияда химиялык заводдо жарылуу болду

Германиянын Леверкузен шаарындагы химиялык заводдогу жарылуудан уулуу кара түтүн шаардын үстүн каптады. Бул кырсыктан жабыркагандар бар экени айтылып, бирок так саны аныктала электиги кабарланууда. Жарылуу болгон Currenta деген химиялык заводдун жанында таштанды күйгүзүүчү полигон жайгашкан. Анда башка таштандылардан сырткары уулу жана коркунучтуу заттардын калдыгы сакталып,… Кененирээк…

“Токтогул” ГЭСин жаңылоого зарыл болгон жабдуулар Кыргызстанга жеткирилди

“Токтогул” ГЭСин жаңылоого зарыл болгон жабдуулар Кыргызстанга жеткирилди. “Азаттыкка” «Электр станцияларынын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдиргендей, гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөк буйрутма менен Кытайда жасалды. Анын диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,5 метр, салмагы 76 тоннаны түзөт. Бул атайын техника менен алынып келди. Бул жабдуу кыргыз-кытай… Кененирээк…

Олимпиада оюндарынан Кыргызстан азырынча бир дагы медалга ээ боло элек

Олимпиада оюндарынан Кыргызстан азырынча бир дагы медалга ээ боло элек. Учурда 58 өлкөнүн спортчулары эсептик тизмеге илинди. Учурда бизге коңшу өлкөлөр: Өзбекстанда бир алтын, Казакстанда 3 коло жана Түркмөнстанда бир күмүш медаль бар. Рейтингдин лидери – Кытай 23 медаль менен турат, экинчиде 19 байге менен… Кененирээк…

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган жайлар айыпка тартылат

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган жайлар айыпка тартылат. Мэриядан эскертишкендей, менчигине карабастан жабык мекемелерде жарандар беткап тагынып социалдык аралыкты сакташы керек. Ошондой эле дезинфекциялоочу килемдер, антисептиктер орнотулган болушу шарт. Андан тышкары, мекемелерде иштеген кызматкерлердин ден-соолугу боюнча реестрдин жоктугу үчүн айрым мекемелерге административдик чара көрүлөт. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Быйыл Бишкекке 500дөн ашык автобус сатып алуу пландалууда

Быйыл Бишкекке 500дөн ашык автобус сатып алуу пландалууда. Өзбекстанда жасалган 200 жаңы унаа 31-августта, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жолго чыгат, — деди мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов. Андан тышкары, жыл аягына чейин дагы 12 метрлик 350 автобус сатып алуу боюнча келишим Жогорку Кеңеште талкууланууда. Бул… Кененирээк…

Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Кумтөр долбоору боюнча кармалган Өмүрбек Бабановдун ден соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет. Мурда маалымдалгандай, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда экс-премьер-министр Ө. Бабанов… Кененирээк…