Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган жайлар айыпка тартылат

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган жайлар айыпка тартылат.

Мэриядан эскертишкендей, менчигине карабастан жабык мекемелерде

жарандар беткап тагынып социалдык аралыкты сакташы керек. Ошондой эле

дезинфекциялоочу килемдер, антисептиктер орнотулган болушу шарт. Андан тышкары,

мекемелерде иштеген кызматкерлердин ден-соолугу боюнча реестрдин жоктугу үчүн

айрым мекемелерге административдик чара көрүлөт. Белгилеп кетсек, кыргызстанда

ковиддин үчүнчү толкуну өттү. Бирок күнүнө 1 миңге жакын учур катталууда,

андан улам талаптарды так сактоо сунушталат.