“Токтогул” ГЭСин жаңылоого зарыл болгон жабдуулар Кыргызстанга жеткирилди

“Токтогул” ГЭСин жаңылоого зарыл болгон жабдуулар Кыргызстанга жеткирилди.

“Азаттыкка” «Электр станцияларынын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдиргендей,

гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөк буйрутма менен Кытайда жасалды. Анын диаметри

5,5 метр, бийиктиги 2,5 метр, салмагы 76 тоннаны түзөт. Бул атайын техника менен алынып келди.

Бул жабдуу кыргыз-кытай чек арасында эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек чоң болгондуктан

7 айдан бери кармалып турган. Кошумчаласак, “Токтогул” станциясында 4 гидроагрегат бар.

Аларды 2025-жылга чейин алмаштыруу пландалууда.