Улуттук банк эсептик ченди 7,5 пайызга чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 7,5 пайызга чейин жогорулатты.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык,

дүйнөлүк экономика пандемиянын кесепетинен кийин калыбына тез келүүдө.

Бирок ковиддин жаңы штаммдары чыгышын эске алуу менен аймактык

экономиканын өнүгүшүндө белгисиздик сакталууда. Белгилеп кетсек,

баштапкы ставканын көтөрүлүшү банк кардарларына түз таасирин тийгизет.

Салымдар боюнча пайыз өсөт, ал эми насыя алгандар көбүрөөк пайызга туш болушат.

Баштапкы ставка бул – коммерциялык банктар башкы каржы

мекемесинен алган каражаттын пайызы.