Өзбекстанда президенттик шайлоого 2 талапкер аттанды

Өзбекстанда президенттик шайлоого 2 талапкер аттанды. Алардын бири «Адолат»  социал-демократтар партиясынан, тарых илимдеринин доктору, 62 жаштагы  Бахром Абдухалимов жана экологиялык партиясынын төрагасы Нарзулло Обломуродов. Ал эми Өзбекстандын учурдагы лидери Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоого талапкерлигин коюу боюнча азырынча расмий билдире элек. Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо 24-октябрда… Кененирээк…

Бишкекте узундугу 40 чакырымды түзгөн 32 көчө оңдолууда

Бишкекте узундугу 40 чакырымды түзгөн 32 көчө оңдолууда. Жолдор быйыл ноябрга чейин пайдаланууга берилет, — дешти мэриядан. Белгилеп кетсек, «Көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Быйыл узундугу 70 чакырымдан ашык 44, кийинки жылы 16 көчөнү калыбына келтирүү жана 5 көпүрө салуу пландалууда.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда 101 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү

Ысык-Көл облусундагы 101 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтү жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен мындан 22 жыл мурда «Каухар» пансионатынын жанында жайгашкан 10 гектар жер тилкесин жаранга менчикке берген.… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду

Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев биринчи беттеште утулду. Ал 65 килограммга чейинки салмакта алгачкы беттешти 6-августта индиялык Бажраң Пуниа менен өткөрүп, эсеп 3:3 болду. Бирок жеңишти калыстар индиялык спортчуга ыйгарды. Эгер Пуниа финалга чыкса, Эрназар жооткотуучу беттеште күчүн сынап,… Кененирээк…

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында 30 боз үй тигилет

31-август – Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында 30 боз үй тигилет. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чара «Эркиндик» аянтында саат 10до башталып, жарманке, шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады менен коштолот. Ошондой эле мыкты деп табылган боз үйлөр боюнча сыйлык берилет. Ал эми кечки саат 7ден… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын кымбатташы уланууда

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын кымбатташы уланууда. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, быйыл июлга карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 53 сом 32 тыйынды туздү. Товар былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштурмаалуу 1,6 эсеге кымбаттады. Ал эми дизелдик отундун орточо баасы 1,4ге эсе өсүп, 48 сом… Кененирээк…

Кыргызстанга ири өлчөмдө вакцина келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга ири өлчөмдө вакцина келиши күтүлүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргендей, Pfizer препараты быйыл октябрда келиши ыктымал. Вакцинанын 259 миң дозасы COVAX линиясы аркылуу берилет. Андан тышкары, сентябрдын аянгында кытайдын Sinopharm вакцинасы кезектеги ирет гуманитардык жардам катары келет. Ошондой эле 2022-жылдын башында… Кененирээк…

Дүйнөдө 200 миллион адам коронавируска чалдыкты

Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 200 млн 193 миӊ 983 адам коронавируска чалдыккан. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 4 млн 256 миӊ 252 адам каза болду. Алсак, АКШ – 35 млн 330 миң 664 (каза тапкандар – 614 миң 785), Индия – 31… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 45 миллион сомго эс алуу багы курула баштады

Жалал-Абад шаарында 45 миллион сомго эс алуу багы курула баштады. “Акчабарга” шаардык капитал курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, сейил бак «Спутник» кичи районунда пайда болот. Бул үчүн 8 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул жерде түнкү чырактар орнотулуп, веложолчо түшүрүлөт. Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад шаарында эки чоң… Кененирээк…

Лионель Месси “Барселонадан” кетти

Лионель Месси “Барселонадан” кетти. Бул, испания лигасындагы каржы көйгөйлөрүнөн улам. Учурда “Барселонанын” банктарга карызы 1 миллиард евродон ашат. Бул сумма оюнчуларга маяна берүү үчүн алынган. Месси клуб башчылары менен сүйлөшүүдөн кийин, айлыгынын 50 пайызын гана алууга макул болуп, келишимди узартмак. Бирок команда бул маселени дагы… Кененирээк…