Дүйнөдө бир катар мамлекеттерде өрт токтобой жатат

Дүйнө жүзүндө ысык аба ырайына байланыштуу бир канча өлкөлөрдүн токойлорундагы өрт өсүмдүктөр, жапайы жандыктарды гана эмес, адам курмандыктарына да алып келген учурлар катталууда.

Калифорнияда үч жумадан бери токойду каптаган өрт 150 жылдык тарыхы бар Гринвилл шаарын жок кылды. Гринвиллде жашаган сегиз жүздөй турган чыгарылып, куткарылды.

Түркияда болсо өрт каптаган райондордун жүздөгөн тургундары коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Көмүр менен иштеген электр станцияндагы өрттү бейшембиге караганда араң өчүрүүгө мүмкүн болду.

Грекияда өрт өчүрүүчүлөр тобу байыркы олимпиадалык объектинин жанындагы чоң өрттү өчүрүүгө тартылды. Мындагы өрт өчүрүүчүлөр бригадалары үч күндөн бери өрт менен кармашууда.

Түндүк Македониянын бийлиги токойлордогу өрттүн күч алуусунан улам бир айга өзгөчө абал киргизди.

Түштүк-Чыгыш Европадагы, Түкиядагы жана Калифорниядагы өрт ысык аба ырайы, кургакчылык жана шамалдан улам тутанганы белгиленди.