Бишкек жана Оштун мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди

Бишкек жана Оштун мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди.

Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, калаа мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары аркылуу

жабык тартипте шайланат. Эске салсак, учурда Бишкек мэринин милдетинин

милдетин Таалайбек Сарыбашев аткарып жатат. Ал эми Ош шаарынын

муниципалитетинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп мамлекеттк

каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Алмаз Мамбетов дайындалды.