Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, саат 1де «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу
кече уюштурулат. Иш-чара кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт.
Белгилеп кетсек, Токио Олимпиадасынан өлкө капчыгына 2 күмүш 1 коло медаль түштү.
Байгелерди грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн
Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова багындырды.