Япония Кыргызстанга 2 миллион 700 миң доллар бөлүп берет.
Каражат өлкөнүн 460 мектебинде билим берүү процессин коопсуз
жандандыруу максатында берилет. Долбоордун алкагында республика
боюнча 200 миң окуучу жана 10 миң мугалим инфекциянын алдын алуу үчүн
жабдууларга жеткиликтүү болуп, гигиеналык билимин жакшыртат.
Андан тышкары, пандемия маалында онлайн-окууга жеткиликтүү
болбогон дээрлик 20 миң окуучу кошумча окутуу программаларынын
алкагында сабакка жетишүүсүн жакшыртат.