Кытай былтыр беткап жана жеке коргонуу каражаттарынан 90 миллиард доллар тапты.
Бул тууралуу Петерсон дүйнөлүк экономика институтунун отчетунда айтылат. 2019-жылы
коргонуу каражаттарынан түшкөн каражат 23 миллиард доллар болсо, 2020-жылы
88 миллиардга жетти. Былтыр апрелде беткаптын бир даанасынын экспорттук баасы
2019-жылдын апрелине салыштырмалуу 720 пайызга өстү. Кытай коргонуу
каражаттарын АКШга жана Евробирикмеге жеткирип жатты.