Синоптиктерден шашылыш билдирүү
Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Бүгүнтөн тарта 16-августка чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында катуу жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз аба табы +25 градустан жогору көтөрүлбөйт. Ал эми түнкүсүн термометр мамычалары +9 градусту гана көрсөтөт. Жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.