Кыргызстанда учурдагы электр энергиясынын өчүрүлүшү кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу

Кыргызстанда учурдагы электр энергиясынын өчүрүлүшү кыш мезгилине даярдык

көрүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Аны маал-маалы менен өчүрүү

деп түшүнүүгө болбойт, — деп билдирди «Түндүк электрдин» өкүлү Улан Манапбаев.

Анын айтымында, электр энергиясы маалы менен энергетикалык кризис учурунда

гана өчүрүлөт. Ал жергиликтүү бийлик менен макулдашуунун негизинде ишке ашат.

Чектөөлөр тууралуу алдын ала маалымат берилет. Эске салсак, 2007-2008-жылдары

«Токтогулдагы» суу 7 миллиард кубометрге чейин азайып, калкка электр энергиясын

берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард кубометрге түшсө, ГЭС авариялык

абалга кабылат. Учурда суу сактагычта 12 миллиард кубометр суу бар.