Милиция бизнести текшербеши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.
Өлкө башчынын айтымында, милиция кызматкерлери өзүнүн түздөн түз милдетин гана аткарышы зарыл – коомдук тартипти сактоо жана кылмыштарды алдын алуу.
Учурда Кыргызстанда бизнести жүргүзүүгө жакшы шарттар түзүлүүдө, алсак, орунсуз текшерүүлөр жоюлуп, инвестицияларды тартуу иштери аткарылууда, — деди Жапаров.
Белгилеп кетсек, буга чейин Экономика министрлиги милиция кызматкерлери экономикалык ишкердүүлүктү көзөмөлдөй ала турган демилге көтөрүп чыккан.