Чек арада жабыркаган баткендиктерге 140 үйдүн курулушу 31-августка чейин аяктайт

Чек арада жабыркаган баткендиктерге 140 үйдүн курулушу 31-августка чейин аяктайт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Иштер Баткен жана Лейлек райондорундагы айылдарда жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Максат айылындагы 60 үй-бүлө жаңы турак-жайларына көчүрүлдү. Бул жерде ошондой эле мектеп, бала бакча курулуп, ички жолдорго асфальт төшөлүүдө.