Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштеп баштады

Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштеп баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Борбор Оpen space форматында иш алып барат.

 

Жетекчинин жана кызматкерлердин жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.

 

Имарат кеп-кеңеш берүү, күтүү жана документтерди кабыл алуу залына бөлүнгөн. Электрондук кезек системасы орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт.

 

Мындай түзүлгөн шарт документ алуу процессин жөнөкөйлөтөт.