Кыргызстан мектептеринде толук кандуу окуу процесси 16-сентябрда башталат

Кыргызстан мектептеринде толук кандуу окуу процесси 16-сентябрда башталат.   Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. 15-сентябрда салтанаттуу линейка жана ачык сааттар орун алат.   Эске салсак, быйыл жаңы окуу жылынын башталышы 2 жумага жылдырылды. Чечим кадимки режимге коопсуз өтүү максатында кабыл алынды. Бийлик ошондой… Кененирээк…

Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат

Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат. Объект Ничке-Сай дарыясында жайгашат, — деп билдиришти калаа мэриясынан.   Планга ылайык, ГЭС жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Курулуш иштери кийинки жылы башталып, 2023-жылы соңуна чыгат деп пландалууда.   Долбоорду ишке ашырууга 3,5 миллион доллар талап кылынат, каражат… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрликке талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиялары каттоого алды

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэрликке талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиялары каттоого алды.   Боршайкомдун маалыматында, документтер мыйзамга ылайык текшерилип, “Түндүк” системасында каттоого алынды.   Эске салсак, 3 шаарда мэрлерди шайлоо 26-августта өтөт. Аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүнү бардык санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тапшырма берилди.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору президент администрациясына келип түштү

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору президент администрациясына келип түштү. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Бир айдын ичинде Садыр Жапаров документке кол коюп, шайлоо өтө турган күндү жарыялашы керек. Мыйзамга ылайык, парламент депутаттарын шайлоо 5 жыл сайын, октябрдын акыркы… Кененирээк…

Баткен облусундагы Лейлек районун таза суу менен камсыздоого 166 миллион сом багытталат

Баткен облусундагы Лейлек районун таза суу менен камсыздоого 166 миллион сом багытталат. Кеп, Кулунду, Сада, Интернационал, Ак-Арык жана Раззаков айылдары тууралуу болуп жатат, — дешти Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинен. Аталган суммага жер иштери, түтүк салуу, ширетүү жана башка жумуштар аткарылат

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 14 пайызга азайды

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 14 пайызга азайды. Тагыраагы, быйыл жарым жылдыкта 329 миң адам насыя алды. Ал эми берилген чакан насыянын көлөмү тескерисинче былтыр ушул эле мөөнөткө салыштырмалуу 10 пайызга көбөйүп, 17 миллиард 700 миллион сомду түздү, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Маалыматка караганда,… Кененирээк…

Ушул иш апта август айы үчүн акыркысы

Ушул иш апта август айы үчүн акыркысы. Жумадан тартып кыргызстандыктар өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 4 күн катары менен эс алышат. 31-август быйыл шейшембиге туура келет. Ал эми 28и жана 29у календарь боюнча эс алуу күндөрү. Дүйшөмбү, 30-август тууралуу айта турган болсок, биз бул күн… Кененирээк…

Афганистандагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Афганистандагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн таңда «Доха-Дубай-Бишкек» аба каттамы боюнча мурда АКШ уюштурган атайын учак менен Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандын 11 жараны алынып келинди. Афганистан аймагында калган мекендештер жакынкы аралыкта өлкөгө эвакуацияланат, — деп кошумчалашты ведомстводон. Эске салсак, буга чейин 25… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 23-августта, саат 03:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат… Кененирээк…

Бишкекке күз кечикпей келет

Бишкекке күз кечикпей келет. 31-августка чейин ордо калаада ысык аба-ырайы сакталат. Күндүз асман ачык болуп, абанын температурасы +34кө чейин жогорулайт. Түнкүсүн +20дан төмөндөбөйт. Ал эми 1-сентябрдан тартып аба-ырайы кескин өзгөрүп, күндүз термометр мамычалары +25тен ашпайт, асманды ала-булут каптап, 4-сентябрдан тартып жамгыр жаайт.