Таласта республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Таласта СССРдин Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы 23-августта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

 

Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын тандоо туруна 43 акын катышкан, алардын 16сы жарышка түшкөн. 16нын ичинен сегизи кийинки турга тандалып алынып, калган сегизине 20 миң сомдон тапшырылды.

 

Бүгүн 23-августта сегиз акындын арасынан төртөө байгелүү орундарды ээлеп, калган төртөөнө 35 миң сомдон ыгарылды.

Баш байге Амантай Кутманалиевге тийди. Ага 200 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылды.

 

1-орунду ээлеген Азамат Болгонбаевге 150 миң сом, 2-орундагы Асылбек Маратовго 100 миң жана 3-орундагы Жылдызбек Төрөкановго 50 миң сом тийди.

Иш-чараны коомдук ишмер Райкан Алканов колдоого алган.