Түрк компаниясы Бишкекте жаңы таштанды иштетүүчү завод куруп берет. Ордо калаа мэриясы фирма менен тиешелүү макулдашууга кол койду.
Бир айдын ичинде компания заводдун курулушу боюнча долбоор тартуулап, анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, каржылоону баштайт.
Өз кезегинде Бишкек мэриясы жана Инвестициялар министрлиги дагы колдоо көрсөтөт.