Афганистан жарандарына Кыргызстанга виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Афганистан жарандарына Кыргызстанга виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Афганистандагы азыркы аскердик-саясий абалды эске алып, баш паанек издеп, массалык каптоо коркунучун алдын алуу максатында Афганистандын жарандарына виза берүү убактылуу токтотулду.

 

Бул тартип кызматтык жана дипломатиялык визаларга тиешелүү эмес. Андан тышкары, афганистандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашылып, сүйлөшүү стадиясында, — дешти ведомстводон.

 

Эске салсак, учурда Афганистанда саясий абал дале курч. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн согушкерлердин “Талибан” кыймылы басып алган.