Пекинде өтө турган Кышкы олимпиада оюндарынын оту көрүүчүсү жок жандырылат

Пекинде өтө турган Кышкы олимпиада оюндарынын оту көрүүчүсү жок жандырылат. Мындай чечимди Греция бийлиги кабыл алды. Адатта иш-чара дал ушул өлкөдө башталат.   Салтанат 18-октябрда Олимпия тарыхый облусундагы Пелоппонес жарым аралында өтөт. Андан кийин олимп оту Афиныга жетип, ал жерден атайын учак менен Пекинге жеткирилет.… Кененирээк…

Кыргызстандын Вьетнам өлкөсүдөгү ыйгарым укуктуу элчиси болуп Динара Кемелова дайындалды

Кыргызстандын Вьетнам өлкөсүдөгү ыйгарым укуктуу элчиси болуп Динара Кемелова дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, буга чейин ал Кыргызстандын Кореядагы элчиси болчу. Ошондой эле, Тышкы иштер министринин орун басары болуп дагы эмгектенген.

Кыргызстан мектептеринде биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт

  Кыргызстан мектептеринде биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, окуучулардын күзгү каникулдары 14-ноябрга чейин созулат. Экинчи чейрек 15-ноябрдан 31-декабрга чейин уланса, үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтөт.   Төртүнчү чейрек эң узак – 28-мартта башталып, 8-июнда аяктайт.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мамлекеттик ипотека жылдык 4 пайыз менен берилип баштайт

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мамлекеттик ипотека жылдык 4 пайыз менен берилип баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.   Мындай ставка менен турак-жайды бюджеттик тармактын кызматкерлери гана ала алат. Насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин жетет.   Анын ортосунда, программанын катышуучусу баштапкы төлөм катары үйдүн… Кененирээк…

Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү-майлоочу материалдын баасы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда жакынкы арада күйүүчү-майлоочу материалдын баасы көтөрүлбөйт. Мындай божомолдору менен Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов бөлүштү.   Анын айтымында, бул өлкөдө отундун запасы жетиштүү болгонуна байланыштуу.   Ал болжол менен 1,5 айга жетет. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө Бишкекте 92-үлгүдөгү бензиндин бир литринин баасы 57 сом … Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Бакаев, Гагарин, Пархоменко, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Скрябин, Рыскулов, Абдымомуно, Кулиев көчөлөрүндө, Ынтымак, Арча-Бешик, Киргизия-1, Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштарында, Асанбай кичи районунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Түп районунун Арал айылында жаңы спорт зал ачылды

Түп районунун Арал айылында жаңы спорт зал ачылды.   Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, курулуш иштери 2018-жылы башталган. Долбоордун сметалык баасы 11 миллион 743 миң сом.   Жалпы аянты 360 чарчы метрге жеткен спорт залда жуунуучу жай, машыктыруучунун кабинети жана башка шарттар түзүлдү.

Бишкектеги санэпидем көзөмөл борборунда ПЦР-тест тапшыруу кызматынын баасы арзандады

Бишкектеги санэпидем көзөмөл борборунда ПЦР-тест тапшыруу кызматынын баасы арзандады. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эми бул борбордо вирусту аныктай турган анализдин баасы 896 сом деп орнотулду. Ал эми буга чейинки тариф 1 миң 326 сом болчу, ПЦР-тест 430 сомго арзандатылды.

Документтерди эми милиция кызматкерлерине смартфондон эле көрсөтүп койсо болот

Документтерди эми милиция кызматкерлерине смартфондон эле көрсөтүп койсо болот. Кыргызстанда электрондук санариптик документтерди сыноодон өткөрүү башталды, — деп билдиришти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен.   Жаңы кызмат “Tunduk” мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу милиция кызматкерлерине санариптик паспортун, санариптик айдоочу күбөлүгүн жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн смартфондон эле… Кененирээк…