Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мамлекеттик ипотека жылдык 4 пайыз менен берилип баштайт

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда мамлекеттик ипотека жылдык 4 пайыз менен берилип баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

 

Мындай ставка менен турак-жайды бюджеттик тармактын кызматкерлери гана ала алат. Насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин жетет.

 

Анын ортосунда, программанын катышуучусу баштапкы төлөм катары үйдүн баасынын жок дегенде 10 пайызын төлөшү керек болот.