Бишкектеги Октябрь районунун жашоочулары таштанды үчүн төлөмдү мурдагыдай эле «Комтранском» ишканасына төлөйт

Бишкектеги Октябрь районунун жашоочулары таштанды үчүн төлөмдү мурдагыдай эле «Комтранском» ишканасына төлөйт. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, мындан ары «Комтранском» Октябрь районунда ишин улантат. Эске салсак, буга чейин аталган райондун тургундарына таштанды үчүн эки эсеп дүмүрчөгү келген. Буга байланыштуу шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөш керектигин билбей жатышкан.

БШК айрым шайлоо тилкелеринин чегин өзгөрттү

БШК айрым шайлоо тилкелеринин чегин өзгөрттү. Комиссия мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, буга чейин Ош шаарында эки округ болсо эми бирөө болот, алсак, буга чейин Ош шаарында 150 миң шайлоочу Кара-Суу районунун шайлоочулары менен биригип, эки округду түзүп жаткан. Кара-Суунун бир бөлүгү Араван районуна киргизилди. Андан… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде мугалимдердин жетишсиздиги сакталууда

Кыргызстан мектептеринде мугалимдердин жетишсиздиги сакталууда. Учурда билим берүү мекемелери 755 педагогго муктаж, — деп билдиришти билим берүү министрлигинен. Сентябрдын башында республика боюнча 2 миң 150 адис жетишсиз болчу. Бирок 15-сентябрга карата жаш мугалимдердин мектептерге келиши менен муктаждык төмөндөдү. Ведомстводон үмүттөнүшкөндөй, калган ваканттык орундарга келишимдик негизде… Кененирээк…

Аксы районунун Жүзүмжан айылында сибирь жарасы чыгып, бир айга карантин киргизилди

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында күйдүргү чыкканына байланыштуу бир айга карантин киргизилди. Бул тууралуу «Акчабарга» Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков билдирди. Маалым болгондой, аталган айылга ветеринардык блок посттор орнотулду. Ал эми тургундар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасына… Кененирээк…

Бишкек шаардык кеңеши жол кирени көтөрүү маселесин талкуулап жатат

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши борбор калаадагы муниципалдык жана коммерциялык жол кирени көтөрүү маселесин карап жатат. Вице-мэр Русланбек Акылбековдун депутаттарга берген маалыматына караганда, кичи автобустарда жүрүү акысын 15 сомго, ал эми автобус-троллейбустарда жүрүү акысын 11 сомго көтөрүү сунушталды. Бирок айрым депутаттар жол кирени 50% көтөрүү… Кененирээк…

Олимпиаданын күмүш медалчысы Акжол Махмудов трикосун сатуу боюнча аукциондо чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады

Олимпиаданын күмүш медалчысы Акжол Махмудов трикосун сатуу боюнча аукциондо чогулган каражатты кайрымдуулукка жумшады. Аукцион 25-августта Ысык-Көлдөгү форумда өткөн.   Спорт костюмдун баштапкы баасы 50 доллар деп белгиленип, трико 6 жарым миң долларга сатылды. Андан тышкары, форумдун катышуучулары Махмудовго дагы 19 жарым миң доллар чогултуп беришкен.… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда санитардык эрежелер күчөтүлдү

Бишкектин коомдук транспортунда санитардык эрежелер күчөтүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, бул жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу.   Көчмө бригадар ордо калаанын эл көп чогулган жерлеринде, аялдамаларында рейддерди өткөрүп, беткап режимин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.   Ошондой эле, автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердин ички абалы, айдоочулардын… Кененирээк…

Көмүрдү калкка жеткирүү октябрдын башында башталат

Көмүрдү калкка жеткирүү октябрдын башында башталат. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Жакынкы 10-15 күндө Кыргызстанда аба-ырайы жакшы болот, жаан-чачын күтүлбөйт, андыктан, инженерлер Кара-Кече кенинде иштөөсүн улантат.   Бул өлкөнүн түштүгүнө күнүнө 10 миң тоннадан көмүр жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Бул айдоочуларга дагы ыңгайлуу.… Кененирээк…

Жылуулук сезонунда калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат

Жылуулук сезонунда калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.   Анын айтымында, быйыл өлкөдөгү электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу үчүн Туркмөнстандан импорттоо чечими кабыл алынды.   Андан тышкары, учурда адистер энергетиканы өнүктүрүү үстүндө иштеп жатат. Кичи ГЭСтерди куруу боюнча изилдөө… Кененирээк…

Душамбе шаарында ЖККУнун саммити башталды

Бүгүн, 16-сентябрда Душамбе ЖККУнун президенттеринин саммити өтүп жатат. Эртең, 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат. Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Афганистандагы соңку кырдаал. 15-сентябрда… Кененирээк…