Telegram мессенджерине бир нече саатта эле 50 миллиондон ашык колдонуучу кошулду

Telegram мессенджерине бир нече саатта эле 50 миллиондон ашык колдонуучу кошулду. Бул түндө IT-гиганттары өчүп калгандыгына байланыштуу. Анда дүйнө жүзү боюнча Facebook, Instagram жана WhatsApp иштен чыкты.   Ошондой эле, колдонуучулар Google, Twitter, TikTok сыяктуу сервистердин ишине арызданды. Кийин  Facebook  компаниясынын жетекчилиги жабдууларда бузуулар чыкканын… Кененирээк…

Түштүк ордо калаасы бүгүн шаар күнүн белгилеп жатат

Түштүк ордо калаасы бүгүн шаар күнүн белгилеп жатат. Ош шаарына 3021-жыл толду. Майрамдоонун алкагында фестиваль, сүрөт көргөзмөсү, жарманке жана концерт уюштурулат.   Буга байланыштуу бир нече көчөлөр кыймылга жабык болот. Эске салсак, 2000-жылдан бери 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет, анда түштүк калаанын 3 миң жылдыгы… Кененирээк…

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги биздин өлкөнүн жарандарына шенген визасын берип баштайт

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги биздин өлкөнүн жарандарына шенген визасын берип баштайт. Венгрияга жана Европанын башка мамлекеттерине баруу үчүн уруксат документтерин берүү октябрда старт алат, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.   Күтүлгөндөй, бул кыргзстандыктарга виза алуу процедурасын кыйла жеңилдетет. Белгилеп кетсек, учурда республикада шенген визасын жеке… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга мамлекеттик карызды кайтаруу мөөнөтүн жылдырууга даяр

Кытай Кыргызстанга мамлекеттик карызды кайтаруу мөөнөтүн жылдырууга даяр. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.   Анын айтымында, быйыл өлкө насыялар боюеча 88 миллион доллар өлчөмүндө пайыздарды бериши керек болчу. Пандемиянын айынан Кыргызстан Кытайга Париж клубу аркылуу кайрылууга аргасыз болду.  … Кененирээк…

Күзгү-кышкы сезондо Өзбекстандан Кыргызстанга 750 миллион киловатт-саат электр энергиясы жеткирилет

Күзгү-кышкы сезондо Өзбекстандан Кыргызстанга 750 миллион киловатт-саат электр энергиясы жеткирилет. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Бишкек Ташкенттен келген электр энергиясы үчүн акы төлөбөйт. Ал ушул эле көлөмдө Өзбекстанда абал турукташканда кайтарылат.   Андан тышкары, Кыргызстанга кийин кайтаруу шарты менен Түркмөнстандан 500 миллион киловатт-саат, Россиядан 3… Кененирээк…

Кыргызстан аймагына чыныгы күз мезгилинин аба-ырайы орноп баштады

Кыргызстан аймагына чыныгы күз мезгилинин аба-ырайы орноп баштады. Бир катар аймактарда алгачкы кар жаады, эми алдыда жамгыр жана суук күтүлүүдө. Бүгүн кечинде Бишкекте абанын табы 0дүн тегерегинде кармалат, жаан аралаш кар жаайт. Эртең менен ордо калаада кадимки кышкы кар бурганактайт. Бирок абанын температурасы – белгисин… Кененирээк…

Бишкекте көмүр сатуу башталды

Бишкекте көмүр сатуу башталды. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, кара отундун тоннасы 4 миң 300 – 4 миң 500 сомдон сатылууда. Ал эми казакстандык көмүрдүн тоннасы – 5 миң сом болсо, кабы 150-200 сомго барабар

Кыргыз-кытай чек арасы 8-октябрь, жумада ачылат

Кыргыз-кытай чек арасы 8-октябрь, жумада ачылат. УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрүү түйүндөрүнөн унаалар өткөрүлбөй, жабык турат. Бул кытайда билим берүү күнүн майрамдоого байланыштуу.

Ошто көмүрдүн баасы 1 тонна үчүн 7 миң сомго жетти

Ошто көмүрдүн баасы 1 тонна үчүн 7 миң сомго жетти. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң сомго кымбат, — деп билдирет турмуш басылмасы. Белгилеп кетсек, монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынын апрелдеги маалыматы боюнча, 5 миң 250 сом болсо, ал эми 3 жыл мурда 4,5… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын банктардан алган насыясынын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандыктардын банктардан алган насыясынын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкө калкы каржы уюмдарына жалпысынан 174 миллиард 400 миллион сом бересе. Мындай көрсөткүч быйыл январдан августка чейинки аралыкка түзүлдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, акыркы жылдары элдин насыясынын көлөмү тездик менен өсүп жатат.… Кененирээк…