Кыргызстандыктардын банктардан алган насыясынын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Кыргызстандыктардын банктардан алган насыясынын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкө калкы каржы уюмдарына жалпысынан

174 миллиард 400 миллион сом бересе. Мындай көрсөткүч быйыл январдан августка

чейинки аралыкка түзүлдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей,

акыркы жылдары элдин насыясынын көлөмү тездик менен өсүп жатат. 2017-жылы

жайында 100 миллиард сом болсо, былтыр мартта 150 миллиард сомго жеткен.