Кыргызстандык балбан дүйнөлүк чемпионатта коло байге утту

Кыргызстандык балбан дүйнөлүк чемпионатта коло байге утту. Эркин күрөш боюнча Алибек Осмонов польшалык атлет менен кармашып, беттеш 4:1 эсеби менен аяктады. Бул Кыргызстан үчүн 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы медаль болду. Буга чейин Осмонов жарым финалда ирандык спортчу менен кармашып жеңишти алдырган. Спорттук күрөштүн эркин, кыз-келиндер… Кененирээк…

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Быйыл түштүк калаага 3021 жыл толду. Бүгүн Оштогу бардык муниципалдык мекеме, ишканалар параддан өтүп жатат. Жөө жүрүш концерттик программа менен коштолот. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү кечинде дагы уланат. Иш-чара фейерверк менен жыйынтыкталат. Андан тышкары, шаардын көчөлөрү дагы… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата бир мандаттуу талапкерлердин саны 78ге жетти

Жогорку Кеңешти шайлоого карата бир мандаттуу талапкерлердин саны 78ге жетти. БШКдан эскертишкендей, Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бул мөөнөт, кийинки шаршембиге туура келет. Белгилеп кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда 54… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 02:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлдү. Бүгүн кечки саат 6га чейин Манас, Баялинов, Исанов, Москва, Профессор Зима, Курманалиев, Низов, Шайыр көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата жана Алтын-Ордо конуштарында  электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Бүгүн Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилеп жатат

Бүгүн Кыргызстандын мугалимдери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Биздин өлкөдө мугалим кесиби салтка айлангандай аялдардыкы деп эсептелет. Мектептерде педагогдордун жалпы санынын 84 пайызын аялдар ээлейт. Алардын 28 пайызы мектеп директорлору жана алардын  орун басарлары. Мындай маалыматы улуттук статистика комитети берди. Учурда Кыргызстанда 4 миңден ашык билим… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал россиялык спортчу менен кармашып, 9:5 упай менен жеңди. 70 килограмм салмак категориясында күч сынашып жаткан Акматалиев буга чейин Шри-Ланка, армениялык жана ирандык атлеттерди, утуп алган. Эми биздин балбан алтын байге үчүн польшалык спортчу… Кененирээк…

Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулду

Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулду. Республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бул, препараттын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу. COVAX программасы аркылуу келген вакцинанын мөөнөтү 30-сентябрда аяктады жана ушундай кырдаалга кабылган биздин гана өлкө эмес башкалар да бар. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумуна билдирүү… Кененирээк…

Бишкекте жылуулук сезону старт алды

Бишкекте жылуулук сезону старт алды. Бул, 6-октябрга караган түнү ордо калаада кесин суук болушу күтүлүп жатканына байланыштуу. Андан улам, түндөн тартып ЖЭБ социалдык жана маданият тармагындагы бардык объекттерге, ошондой эле турак жайларга жылуулук берип баштады, — дешти мэриядан. Ордо калаа администрациясынан белгилешкендей, бардык система даяр… Кененирээк…

Быйылкы медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгы ыйгарылды

Быйылкы медицина тармагы боюнча Нобел сыйлыгы “дене табынын рецепторлору боюнча ачылыш” үчүн ыйгарылды. Мындай билдирүүнү Швециянын Каролин институту жарыялады. Сан-Францискодогу Калифорния университетинин профессорлору Дэвид Жулиус менен Ардем Патапутиан алтын медалга жана сыйлык катары 1 миллион долларга ээ болушту. Эске салсак, жыл сайын Стокгольмдогу Нобел комитети… Кененирээк…