Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Жарым финалдык кармашта ал украиналык спортчуну 5:2 эсебинде утуп алды. Биздин балбан буга чейин беларустук жана япониялык атлеттерди артта калтырган. Эми Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн америкалык балбан менен кармашат. Финалдык беттеш, бүгүн өтөт. Турнир… Кененирээк…

Кыргызстан бензиндин арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турат

Кыргызстан бензиндин арзандыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турат. globalpetrolprices порталы жарыялагандай, биздин өлкөдө бензиндин бир литринин орточо баасы 62 сом. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү арасында  Өзбекстанда 67 сом болсо, Беларусияда 70 сомго барабар. Ал эми дүйнөлүк рейтингде Казакстан 9-орунда 39 сом менен турат. Арзан күйүүчү… Кененирээк…

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка ылайык, Россиядагы элчи Армениядагы кызматын Москвада туруп айкалыштырып иштейт. Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп быйыл февралда дайындалган.

Баткен облусунун айрым райондорунда 3 күнгө газ жок болот

«Газпром Кыргызстан» компаниясы Баткен облусунда жайгашкан «Айдаркен» газ бөлүштүрүүчү станциясында пландалган капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу 5-октябрдан 8-октябрга чейин Баткен облусунун айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотоорун маалымдайт. Маалыматка ылайык, өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Баткен облусунун Айдаркен шаарында жана Жал, Эшме, Кичи Айдаркен, Шахшах айылдарында… Кененирээк…

Япония 100-өкмөт башчысын шайлады

Япония 100-өкмөт башчысын шайлады. Өкмөттүн жаңы башчысы Либералдык-демократиялык башкаруучулар партиясынын лидери, 64 жаштагы Фумио Кисида. Буга чейин ал ТИМди жетектеп келген. Кисида 458 добуштун 311ин алды. Оппозициялык башкы күчтөрдүн, Конституциялык-демократиялык партиянын жетекчиси Юкио Эданого 124 депутат добушун берди. Японияны реформалоо партиясынын башчысы Тораносукэ Катаямуга —… Кененирээк…